• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызгидромет борборунда COVID-19 илдетинен каза болгон кызматкерлер эскерилди

Коом 0

Бишкек, 30.07.20. /Кабар/. Кыргызгидромет борборунда COVID-19 илдетинен каза болгон кызматкерлер эскерилди. Бул тууралуу аталган борбордун басма сөз кызматы билдирет.

КР президенти Сооронбай Жээнбеков тарабынан 2020-жылдын 30-июль күнү “Жалпы улуттук аза күнү” деп жарыялангандыгына байланыштуу, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттиги (Кыргызгидромет) коронавирус илдетинен каза болгондорду эскерүү иш-чараларын өткөрдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө агенттиктин директору Абдишарип Бекилов сөз сүйлөп, пандемия бизде эле эмес дүйнөдө да көптөгөн өмүрлөрдү алып кетип жатканын, бул илдетти биз биримдикте, ынтымакта жеңерибизди белгиледи.

Ошондой эле, илдеттен каза болгондордун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, бул илдет агенттиктин да кызматкерлерин арабыздан алып кеткенин белгиледи.

Алар:

Итибаев Зарылбек Сагындыкович - Кыргызгидрометтин мурдагы директору Итибаев Зарылбек Сагындыкович 57 жашында дүйнөдөн мезгилсиз кайтты. Ал 2009-жылдын 8-июлунан 2019-жылдын 18-мартына чейин Кыргыз Ресупбликасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттигин жетектеп келген.

Иманбаев Анварбек Шадыканович – Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ардактуу кызматкери, Гидрометеорология боюнча агенттигинин Нарын гидрометеорология борборунун башчысы 60 жашында дүйнөдөн мезгилсиз кайтты. Анварбек Шадыканович Ташкент гидрометеорологиялык техникумун аяктаган соң, 1983-жылдан тартып Кыргызгидрометте эмгектенип келген. Алгач метеоролог, гидролог кызматтарында, ал эми 1994-жылдан тартып Нарын гидрометеорология борборун жетектеп келген.

Илияс уулу Рысбек - Кыргызгидрометтин II баскычтагы «Токмок» метеорологиялык станциясынын башчысы 59 жашында дүйнөдөн мезгилсиз кайтты. Илияс уулу Рысбек 1985-1993-жылдары Гидрометеорология жана айлана-чөйрөнү контролдоо башкармалыгында эмгектенген. Ал эми 2009-жылдан бери Кыргызгидрометтин II баскычтагы «Токмок» метеорологиялык станциясын жетектеп келген.

Агенттиктин илдеттен каза болгон кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүнөн кабар алынды. Жалпы бул илдеттен каза болгондорго бир мүнөттүк эскерүү болуп, жыйынтыгында каза болгон кесиптештерге багышталып Куран окулду.

"Жогорудагы кызматкерлерибиздин жаткан жери жайлуу, топурагы торко, жаны бейиште болсун деп тилейбиз. Маркумдардын үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен дагы бир жолу көңүл айтабыз. Каза болгон кесиптештерибиздин элеси дайыма жүрөгүбүздө сакталат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий