• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызгидромет январда аба ырайы кандай болоорун айтты

Коом 0

Бишкек, 04.01.18. /Кабар/. Кыргызгидромет борборунун маалыматына ылайык, январь айында өлкөнүн аймактарында абанын температурасы климаттык нормадан 1 градус төмөн болушу ыктымал.

Чүй облусу боюнча аба ырайы

Айлык орточо температура Чүй өрөөнүндө норманын тегерегинде болот. Абанын температурасы 3…5 градус суук болуп, Кемин өрөөнүндө жана тоолуу райондордо 5…7 градуска чейин төмөндөйт.

Бир ай аралыгында түнкүсүн 3…8 градустан 10…15 градуска чейин суук болот, күндүз 0…5 градустан 3…8 градус жогорулайт.

Айдын үчүнчү декадасында абанын температурасы төмөндөп, түнкүсүн 13…18 градус суук болушу күтүлөт. Күндүз абанын температурасы 3…8 градус суук бойдон сакталат. Жаан-чачын нормадан ашпайт, 25-17 мм, тоолуу райондордо 12-22 ммге жетет.

Талас облусу

Талас облусунда айлык орточо температура норманын тегерегинде болот. Абанын температурасы 5…7 градус суук болот. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 6…11 градустан 12…17 градуска чейин төмөндөйт, күндүз 0…5 градус сууктан 2…7 градуска чейин жогорулайт.

Январь айынын үчүнчү декадасынын аягында абанын табы төмөндөп, түнкүсүн 15…20 градус болушу мүмкүн, күндүз 5…10 градус суук. Бир айлык жаан-чачындын нормасы 17-19 мм.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары боюнча аба ырайы

Бул аймактарда бир айлык орточо температура норманын тегерегинде болот. Абанын температурасы 2…4 градус суук болот. Тоолуу райондордо 3…5 градус суук болушу ыктымал.

Январь айы ичинде абанын түнкү температурасы 1…6 градустан 8…13 градуска чейин төмөндөйт, күндүз 5…10 градус жылуу болот. Жаан-чачындын нормасы 25-46 мм, тоолуу райондордо 39-74 мм.

Ысык-Көл облусу

Ысык-Көл өрөөнүндө айлык орточо температура норманын тегерегинде болуп, 2…5 градус суук, Ысык-Көл облусунун чыгыш тарабында абанын температурасы 6…8 градуска чейин төмөндөйт.

Ай ичинде абанын түнкү температурасы 4…9 градустан 10…15 градуска чейин төмөндөйт, күндүз 0…5 градуска чейин суук болот. Жаан-чачын ай ичинде нормадан ылдый болуп, 2-9 ммди түзөт.

Нарын облусу

Нарын өрөөнүндө айлык орточо температура норманын тегерегинде болуп 14…16 градус суук, Кочкор районунда 8…10 градус суук болушу күтүлөт. Январь айы ичинде абанын табы түнкүсүн 18…23 градуска чейин төмөндөп, күндүз -5…-10 градус болот. Жаан-чачын норманын тегерегинде болушу мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий