• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты: Суук болот!

Коом 0

Бишкек, 18.10.17./Кабар/. Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты. Ага йлайык, эртен, 19-октябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, тоо этектеринде жана Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан карга айланышы, тоолордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 19-24 метрге жетиши күтүлөт. 19-октябрда абанын температурасы төмөндөп: Ош, Жалал- Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 3…8°, күндүз 9…14°, Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн 0…5°, күндүз 6…11°, Ысык-Көл ойдуңунда жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 0…5°, күндүз 5…10° жылуу болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Пикир

Оставить комментарий