• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

“Кыргызкөмүр”: Кара-Кече көмүр кенинде эч кандай нааразычылыктар болгон жок

Аймак 0


Бишкек, 17.11.21. /Кабар/. Социалдык тармактарда Кара-Кече көмүр кенинде өлкө жетекчилигинин көмүрдүн тоннасын 3 миң сомдон баалоо саясатына нааразы болгон оор жүк ташуучу унаалардын айдоочулары нааразычылык акциясын өткөрүүдө деген маалыматтар тараган.

“Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматынан “Кабар” агенттигине билдиришкендей, Кара-Кече көмүр кенинде онлайн-камерлар бар, анда көрүнгөндөй айдоочулар тарабынан эч кандай нааразычылык акциялары өткөн жок. Кенде бир катар кезек күткөндөр бар, бирок баары көзөмөлдөнүүдө. Айрым кызыкдар тараптар эски видеолорду жөнөтүп, кендин иштеши боюнча жалган маалыматтарды таратууда. Бирок азыр көмүргө болгон баа саясатынын процесси өлкө президентинин жеке көзөмөлүндө”, - деп билдиришти ишканадан.

Ишканадан белгилешкендей, учурда көмүрдү кампаларга жеткирүү үчүн 100 жүк ташуучу унаа бөлүнүп, ташылып келген көмүрдүн тоннасы 3 миң сомдон сатылат.

Пикир

Оставить комментарий