• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кара-Кече кенине барчу убактылуу жол ачылып, көмүр жүктөлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 04.09.20. /Кабар/. Кара-Кече кенине барчу убактылуу жол ачылып, көмүр жүктөлүүдө. Бул тууралуу "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Ага ылайык, бүгүнкү күнү Дыйкан-Кара-Кече жолу убактылуу жол менен камсыз болуп, көмүргө келчү оор жүк ташуучу автоунаалар каттай баштады жана үзүлгөн электр чубалгылары толугу менен калыбына келтирилип, “Кара-Кече” кесими жарык менен камсыз болду. Иш толук кандуу жүрө баштады.

Жол жасоого Транспорт жана жолдор министрлиги тарабынан бир экскаватор жана 2 Хово автоунаасы, ДЭП-24 ишканасынан бир грейдер жана бир жүктөгүч техникасы жумушка тартылган. “Кыргызкөмүр” ишканасы тарабынан бир бульдозер бөлүнгөн.

Эске сала кетсек, премьер-министр Кубатбек Бороновдун тапшырмасы менен атайын жумушчу топ түзүлгөн. Натыйжада оор жүк ташуучу техникалардын өтүүсүнө шарт түзүү, жолду тазалоо иштери тууралуу пландар түзүлгөн. 10 күн ичинде убактылуу жаңы жол салынары белгиленип, ошондой эле мындан ары коопсуз жол салуу боюнча иштер жүргүзүлөөрү айтылган.

Белгилей кетсек, Кара-Кечеде көмүр казып алынуучу тилкеге бара жаткан жолдо таш кулап, жол жабылып калган.

Пикир

Оставить комментарий