• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызкөмүр: Кара-Кечедеги жер көчкү көмүр казууга таасир этпейт

Коом 0

Бишкек, 04.11.21. /Кабар/. Кара-Кечедеги жер көчкү көмүр казууга жана аны калкка жеткирүүгө таасир этпейт. Бул тууралуу “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын басма сөз катчысы Жийде Зоотбекова билдирди.

Анын айтымында, Кара-Кечеде болжол менен 50 миң тонна жер көчкү түшкөн.

"Жер көчкү иштер жүргүзүлбөгөн жерге түшкөн. Эң башкысы эч ким жабыркаган эмес. Биздин адистер жеринде иштеп жатышат. Бул көмүр казууга жана аны калкка жеткирүүгө эч кандай таасир этпейт. Жер көчкү алдында калган экскаватордун 60%ын баып калган. Көмүр жетишсиздиги боюнча эч кандай коркунучтар жок. Ошондой эле жеринде көмүрдүн тоннасы 1330 сомдон сатылууда. Калктан тынчсызданбоону суранабыз”, - деди басма сөз катчысы.

Пикир

Оставить комментарий