• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

“Кыргызкөмүр” Кара-Кечеге дагы бир тараза койду

Экономика 0

Бишкек, 30.11.18. /Кабар/. Нарын облусунун Жумгал районунун “Кара-Кече” көмүр казуу кенинде экинчи тараза орнотулду.

Россиялык салмак техникасы 1 “С” программалык камсыздоосу менен “Кыргызкөмүр” МИсы тарабынан 2,5 млн.сомго сатылып келинип, орнотулган. Аталган техника, көмүр кенинде ташылуучу көмүрдүн салмагын текшерүү процессин ылдамдатууга жардам берет.

“Кара-Кече” көмүр казуу кесиминде көмүрдү казуу жана ташуу иштери үзгүлтүксүз жүрүүдө. Бир таразанын өткөрүү мүмкүнчүлүгү 200-250 сорттук көмүр ташуучу унаа түзөт. Экинчи таразаларды орнотуу бул көрсөткүчтү эки эсеге көбөйтүп, бир суткада 550 унаага чейин өткөрүүгө болот.

“Кыргызкөмүр” МИ жылына өлкөнүн көмүргө болгон муктаждыгын толугу менен жабууну пландаштырып келет.

Эскерте кетсек, 2018-жылдын 26нан 28-ноябрга чейин “Кара-Кече” көмүр казуу кенинде 1148 унаа сорттук көмүр ташылган жана Бишкек ЖЭБи үчүн 150 унаа көмүр жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий