• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

“Кыргызкөмүр” МИ: “Кара-Кече” кесиминде көмүр казуу иштери тынымсыз жүрүүдө

Коом 0

Бишкек, 26.11.18. /Кабар/. “Кара-Кече” кесиминде көмүр казуу иштери тынымсыз жүрүүдө. Бул тууралуу “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Алардын маалыматына ылайык, “Кара-Кечеде” 8 экскаватор күнү-түнү иштеп жатат. Алардын ичинен төртөө көмүр ташып, төртөө казуу иштерин жүргүзүүдө.

“Бир сутканын ичинде Кыргызкөмүр 200-250 унааны жиберүүдө, ошондой эле Бишкек ЖЭБне көмүр тынымсыз жеткирилүүдө”, - деп айтылат маалыматта.

Белгилүү болгондой, “Кыргызкөмүр” өлкөнүн түндүк жарандары үчүн көмүр ташуучу негизги мекеме. Ошол себептен “Кыргызкөмүрдүн” алдында 300-350дөй жүк ташуучу унаалар чогулуп туруп калган.

Мындай көрүнүш ар мезгил сайын байкалып келет.

Кавак көмүр бассейнинде көмүр казууну 17 мекеме жүргүзөт. Анын ичинен “Кара-Кеченин” кеңсеси болгон “Кыргызкөмүр” МИсы сорттуу көмүр ташыган, эң негизги көмүр ташуучу мекеме болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий