• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

«Кыргыз көмүр» ишканасы төрт ай ичинде жарым миллион тонна көмүр казды

Коом 0

Бишкек, 15.12.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 1-январынан 15-декабрга чейинки аралыкта Кара-Кече көмүр кенинен 740 миң тонна көмүр казылып алынды. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр жай министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч 2020-жылга салыштырмалуу 243 миң тоннага көп экендигинен кабар берет, анда 497 миң тонна көмүр казылган.

Министр Доскул Бекмурзаевдин тапшырмасы менен төрт айдын ичинде жарым миллион тонна көмүр казылып, Бишкек ЖЭБине, бюджеттик мекемелерге жана калкка берилди.

Энергетика министри өз сөзүндө калкка көмүр үзгүлтүксүз ташылууга тийиш экенин баса белгиледи.

«Калкты көмүр менен камсыз кылуу үчүн иш үзгүлтүксүз жана активдүү жүрүүдө. Учурда кунунө 30 техника иштөөдө. Суткасына орто эсеп менен 200гө жакын унаа көмүр ташып жатат. Биз калкты кыштан жылуу алып чыгыш үчүн бар күчүбүздү жумшай беребиз», - деди Доскул Бекмурзаев.

Белгиленгендей, 2021-жылдын сентябрь айынан баштап декабрь айынын ортосуна чейинки аралыкта 508 миң тонна казылса, 2020-жылы акыркы 4 айда 345 миң тонна көлөмүндөгү кара алтын казылган.

Эске сала кетсек, быйыл көмүрдун көпчүлүк көлөмүн жалгыз гана «Кыргызкөмүр» МИнын «Кара-Кече» филиалы берип, калкты жылуулук менен камсыздоодо. Бул маалымат калкка, ЖЭБке, бюджеттик мекемелерге берилген көмүр көлөмүнүн көрсөткүчү болуп эсептелет.

Пикир

Оставить комментарий