• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

«Кыргызкөмүрдүн» жетекчилиги тарабынан мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилгендиги аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.07.22. /Кабар/. «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги тарабынан мамлекетке 127 млн 185 миң сомдук зыян келтирилгендиги аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын прокуратурасы тарабынан Энергетика министрлигине караштуу «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасында текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө «Кыргызкөмүр» МИнын жетекчилиги жана тийиштүү жооптуу кызматкерлери кызмат абалдарынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекеттин кызыкчылыгына карабастан, мыйзамсыз түрдө өз ара аффилирленген «Ж» жана «И» жоопкерчилиги чектелген коомдору менен «Кара-Кече» көмүр кенинен Балыкчы шаарына чейин 200 миң тонналык көмүрдү ташып жеткизүү үчүн кызматтарды сатып алуу боюнча атайын бекитилген баанын өлчөмүнөн эки эсеге жакын кымбат баада келишим түзүшкөндүгү аныкталды.

Натыйжада мамлекетке 127 млн 185 миң сомдук зыян келтирилген.

Бул факт боюнча Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси ("Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу") жана 339-беренеси ("Билип туруп пайдасыз келишим түзүү") менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталды.

Пикир

Оставить комментарий