• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызпатент авторлорду жана аткаруучуларды издейт

Коом 0

Бишкек, 10.05.21. /Кабар/. Кыргызпатент чыгармалары телерадиокомпаниялардын эфирлеринде жаңырган, бирок байланыш маалыматтары жок болгондугуна байланыштуу чогултулган автордук сыйакылары бөлүштүрүлбөй, сакталып турган авторлорду жана аткаруучуларды издейт.

Эгер Сиз өзүңүздү төмөнкү тизмеден тапсаңыз Кыргызпатенттке кайрылыңыз болот.

Кыргызпатенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, өзүңүзгө тиешелүү автордук сыйакыны алуу үчүн төмөнкүлөр талап кылынат:

1. Өз чыгармаларыңызды каттап, укуктарды башкаруу укугун берүү тууралуу Келишим түзүңүз;

2. Автордун же аткаруучунун каттоо барагын толтуруңуз;

3. Паспортуңуздун көчүрмөсүн тапшырыңыз;

4. Банктан эсеп ачыңыз жана сыйакыны алуу үчүн эсебиңиздин дарегин Кыргызпатенттин кызматкерлерине тапшырыңыз.

Автордук сыйакыларды бөлүштүрүүгө жана төлөөгө байланыштуу маселелер боюнча Кыргызпатенттин төмөнкү байланыш телефондоруна кайрылыңыз: 0(312) 68-00-86; 0(550) 778-450; 0(550) 778-590

Пикир

Оставить комментарий