• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызпатент жана Казпатент өз ара түшүнүү жөнүндө меморандумга кол койду

Коом 0

Бишкек, 20.10.21. /Кабар/. Бүгүн, 20-октябрда КР министрлер кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги (Кыргызпатент) Казакстан Юстиция министрлигинин Интеллектуалдык менчик улуттук институту (Казпатент) менен өз ара түшүнүү жөнүндө меморандумга кол койду. Бул тууралуу Кыргызпатенттин басма сөз кызматы билдирет.

Кол коюу салтанатын Казпатенттин директору Ербол Оспанов ачып берип, Рахат Керимбаеваны Кыргызпатенттин директору кызматына дайындалышы менен куттуктап, меморандумдун алкагында эки ведомствонун ортосундагы кызматташтыктын багыттарына токтолуп өттү.

Рахат Керимбаева өз кезегинде, аталган меморандумга кол коюу эки ведомствонун өнөктөштүк мамилесин чыңдап, бирге алгылыктуу долбоорлорду ишке ашырууга шарт түзөрүн белгилеп, Ербол Оспановду 27-октябрда Бишкек шаарында өткөрүлүүчү алгачкы көп функцияналдуу мамлекеттик инновациялык долбоордун ачылыш аземине чакырды.

Иш-чаранын жыйынтыгында тараптар меморандумдун алкагында 2022-жылдан тарта биргеликте иш-чараларды өткөрүүгө даяр экендигин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий