• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызпатент тереңдетип окутуу боюнча квалификацияны жогорулатуу курсун өткөрдү

Коом 0

Бишкек, 18.02.22. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 17-18-февралында “Интеллектуалдык менчик объектилерин укуктук коргоо: теория жана практика. Кыргыз Республикасында инновацияларды өнүктүрүү” аталышында тереңдетип окутуу боюнча квалификацияны жогорулатуу курсу өткөрүлдү. Бул тууралуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын (Кыргызпатент) басма сөз кызматы билдирет.

Аталаган курска И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын жана С.Тентишева атындагы Азия медициналык институтунун окутуучулары, Борбор Азиядагы эл аралык университетинин студенттери, жеке ишкерлер жана Кыргызпатенттин кызматкерлери, жалпысынан 25 киши катышты.

Угуучуларга Кыргызпатенттин алдыңкы эксперттери жана юристтери лекторлук кылып, интеллектуалдык менчик объектилерин каттоо, укуктук коргоо жана сактоонун ыкмалары, укукту өткөрүп берүү маселелери, инновацияларды өнүктүрүү боюнча маалымат беришти.

Практикалык түрдө өнөр жай менчиги объектилерине, товардык белгилерди каттоого, автордук укук жана чектеш укуктардын объектилерине болгон электрондук өтүнмө берүү процедурасы көрсөтүлдү.

Курстун соңунда угуучулар кайра байланыш анкетасына алган билими боюнча өз пикирлерин калтырышты.

Пикир

Оставить комментарий