• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызпатент жана И. Раззаков атындагы КМТУ кызматташуу тууралуу келишимге кол коюшту

Коом 0

Бишкек, 10.02.22. /Кабар/. Министрлер кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги (Кыргызпатент) жана И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети (КМТУ) кызматташуу тууралуу келишимге кол коюшту. Бул тууралуу Кыргызпатенттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, келишимге Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева жана КМТУнун ректору Мирлан Чыныбаев кол койду.

Келишимге ылайык, тараптар интеллектуалдык менчик жана инновациялар чөйрөсү жана жогорку окуу жайларында инновациялык инфратүзүмдү өнүктүрүү жаатында кызматташат.

Иш-чаранын алкагында Кыргызпатенттин директору Р. Керимбаеванын жана мекеменинин эксперттеринин КМТУнун илимий-окутуучулук курамы менен жолугушуусу өткөрүлүп, жаштардын илимий-изилдөөчүлүк потенциалын жогорулатуу маселелери талкууланды. ЖОЖдун кызматкерлери окуу жайын инновациялык багытта өнүктүрүү боюнча долбоорлорун презентациялашты.

Соңунда Кыргызпатенттин өкүлдөрү КМТУнун илимий-изилдөө жана өндүрүштүк лабораториялары менен таанышып чыгышты.

Пикир

Оставить комментарий