• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызпатент жыл аягына чейин автоматташтырылган иш тартибине өтүүнү пландап жатат

Коом 0

Бишкек, 24.07.19. /Кабар/. Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) жыл аягына чейин автоматташтырылган иш тартибине өтүүнү пландап жатат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Кыргызпатенттин жетекчиси Динара Молдошева билдирди.

Анын айтымында, президенттин аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында алар кореялык патенттик мекеме менен меморандумга кол коюшкан.

"Азыркы учурда Кыргызпатенттин ишин санариптештирүү боюнча долбоорду ишке ашыруудабыз. Арыздарды кароодон тартып, сый акы төлөөгө чейинки иштерди карап жатабыз. Жыл аягына чейин ишти онлайн түргө өткөрүүнү максат кылуудабыз", - деди Молдошева.

Ал белгилегендей, аймактарды өнүктүрүүнүн алкагында, Ош облусунда алардын филиалы ачылган. Ал жерде каттоо жана патент алуу, сык акы боюнча кеңеш алууга болот.

"Бул жылы бир жаңычылдык киргиздик. Музыка жана кайсы бир брендди колдонгондугу үчүн акы төлөөчүлөрдүн катарына мейманкана, чач тарач, сулуулук салону жана фитнес борборлорун да коштук. Топтолгон акча каражаттар анын автору, композитор ж.б. берилет", - деди ал.

2019-жылдын биринчи жарым жылдыгында патенттик жыйым 4 млн 693 миң сомду түзүп, ал 2018-жылга караганда 20%га көп болгон. Алдыда ал каражаттар өз ээлерине бөлүштүрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий