• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызпатенттин директору бир катар эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 14.12.21. /Кабар/. Бүгүн,14-декабрда Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин (Кыргызпатент) директору Рахат Керимбаеванын БУУнун Кыргызстандагы системасынын туруктуу координатору О.Ожиело, Кыргызстандагы Япон эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) туруктуу өкүлүнүн орун басары К.Сузуки, АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID), БУУнун эл аралык эмгек уюмунун (ILO), БУУнун өнүктүрүү программасынын (UNDP), БУУнун улуттук мурастар жаатындагы фондунун (UNFPA) жана Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (WFP) өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Кыргызпатенттин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө Р.Керимбаева “40 райондон – 40 демилге” долбоору боюнча айтып берип, аймактардан инновациялык долбоорлорду тандап алуу принциптери менен тааныштырды.

Тандап алуунун негизги максаты – Кыргыз Республикасынын аймактарынын социалдык-экономикалык жактан өсүшүн шарттаган экономика, илим жана техника багыттары боюнча ар кандай инновациялык долбоорлорду ишке ашыруу жана шыктандыруу.

Мындан сырткары, Кыргызпатенттин директору аймактарда инновациялык борборлорду ачуу идеялары менен бөлүштү.

Катышуучулар өлкөнүн интеллектуалдык менчик жана инновациялар тармагын өнүктүрүүдөгү Кыргызпатенттин ишинин маанилүүлүгүн белгилешип, ар бири өздөрүнүн багыттары боюнча долбоорлорду ишке ашыруу боюнча маалыматтарын беришти.

Пикир алышуунун соңунда тараптар мындан ары чогу алакалашууга кызыкдар экендигин, Кыргызпатент менен кызматташууну бекемдөөгө жана биргеликте иш-чараларды өткөрүүгө даяр экендигин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий