• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызпатенттин директору чет өлкөлүк дипломаттар менен бир катар жолугушууларды өткөрдү

Коом 0

Бишкек, 23.05.22. /Кабар/. Бүгүн, 23-майда, Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева Кыргызстандагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Керимбаева алгач Венгриянын Кыргызстандагы элчиси Шандор Дороги менен болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тарап интеллектуалдык менчик жана инновациялар жаатында кызматташууну өнүктүрүүнүн келечегин, Кыргызстандын чыгармачыл тармагынын өкүлдөрүнүн жыл сайын Будапештте өтүүчү эл аралык көргөзмө-жарманкесине катышуу маселелерин талкуулашты. Аталаган көргөзмөдө Венгриянын кол өнөрчүлөрү жана ууздары өздөрүнүн көл өнөрчүлүк сырлары менен бөлүшөт. Көргөзмөгө Кыргызстандын кол өнөрчүлөрүнүн, дизайнерлеринин жана искусство өкүлдөрүнүн эмгектери коюлары пландалууда.

Жолугушууда IT чөйрөсүн өзүнө камтыган инновациялык форум өткөрүү маселеси да талкууланды.

Андан кийин директор Керимбаева АКШнын Мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбордук Азиядагы иштери бюросу боюнча жардамчысы Дональд Лу жана АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Коултер менен өткөрүлдү. Коноктор Инновациялык борбордун ишмердиги менен таанышып, Кыргызпатент тарабынан өткөрүлгөн иш-чаралардын мазмунуна кызыгышты.

Керимбаева конокторго Кыргызпатенттин ишке ашырылып жаткан долбоорлору тууралуу маалымат берип, Бишкек шаарында дагы бир Инновация борборун ачуу пландалып жатканын билдирди. Элчиликтин өкүлдөрү өз кезегинде болочок борборго техникалык жардам көрсөтүү маселесин карай турганын белгилешти.

Конокторго Кыргызпатенттин директору Керимбаева Ч.Айтматовдун англис тилиндеги китептерин белекке берди.

Ушул эле күнү Кыргызпатенттин директору Индонезиянын Кыргызстандагы элчиси Сунарио Картадината менен да жолугушту.

Жолугушууда Кыргызпатент жана Индонезиянын Юстиция жана адам укуктары министрлигинин Интеллектуалдык менчик укуктары боюнча башкы башкармалыгынын ортосундагы мындан аркы кызматташуу боюнча меморандумга кол коюуну тездетүү маселеси каралды.

Пикир

Оставить комментарий