• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызпатенттин директору Керимбаева менен Венгриянын элчиси кызматташтыкты талкуулашты

Коом 0

Бишке, 11.01.22. /Кабар/. Бүгүн, 11-январда, Кыргызпатенттин директору Р.ахат Керимбаева Венгриянын Кыргызстандагы элчиси Шандор Дороги менен жолукту.

Кыргызпатенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар инновациялар жана стартап экосистемасын өнүктүрүү жаатында эки тараптуу кызматташтыкты талкуулашты.

Керимбаева жалпы инновация, анын ичинде инновацияга багытталган аймактагы жаштарды окутуу боюнча кызматташтыкты кеңейтүүнү сунуштады. Мындан сырткары, Венгриялык адистердин катышуусунда Кыргызстанда инновациялык ишмердикти жайылтуу боюнча иш-чараларды уюштуруу маселесин ортого салды.

Венгриянын элчиси Шандор Дороги Венгрияда инновациялар маселесин Инновациялар министрлиги карай тургандыгын белгилеп, дал ушул тармактагы кызматташтык Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын келечектүү багыты болуп калышы мүмкүн экендигин билдирди.

Жыйынтыгында Р. Керимбаева элчини Кыргызпатенттин Инновациялык борборуна келип кетүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий