• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызпатенттин директору Кытай улуттук интеллектуалдык менчик мекемесинин комиссары менен онлайн жолукту

Коом 0

Бишкек, 02.03.22. /Кабар/. Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаеванын Кытай улуттук интеллектуалдык менчик мекемесинин комиссары Шэнь Чанъюй менен онлайн жолугушуусу болуп өттү.

Кыргызпатенттин басма сөз кызматы билдиргендей, тараптар ведомстволор аралык кызматташуунун келечегин жана “Бир кур бир жол” долбоорунун алкагында интеллектуалдык менчик жаатында кызматташтыкты талкуулашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар биргеликте “Ойлоп табуучулук ишмердикти шыктандыруу жана жандандыруу: Реионалдык көз караш” регионалдык семинарын жана интеллектуалдык менчикти укуктук коргоону камсыз кылуу этаптарын санариптештирүү жаатында атайын тренинг уюштурууну макулдашылды.

Кыргызпатент Кыргызстанда интеллектуалдык менчик академиясын ачууга көмөктөшүүнү суранды. Кытай тарап бул сунушту карап чыга тургандыгын билдирди.

Комиссар Шэнь Чанъюй расмий түрдө Кыргызпатенттин директорун ушул жылы “Бир кур бир жол” долбоорунун алкагында өткөрүлө турган Интеллектуалдык менчик жаатындагы жогорку деңгээлдеги III конференцияга катышууга чакырды.

Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева өз кезегинде комиссар Шэнь Чанъюйду Кыргызстанга иш сапары менен келүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий