• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызпатенттин каракчылык менен күрөшүү боюнча атайын укуктары жок - Нажимудинов

Коом 0

Бишкек, 04.09.17. /Кабар/. Кыргызпатенттин “каракчылык” менен күрөшүү боюнча атайын ыйгарым укугу жок. Бул тууралуу Кыргызпатенттин инспекторлук бөлүмүнүн башчысы Аскар Нажимудинов.

Анын айтымына караганда, калктын көпчүлүгүндө контрабандалык продукция менен Кыргызпатент күрөшүү керек деген ой калыптанып калган.

“Кыргызпатентте мындай укук жок, буну бул финпол жана ИИМ көзөмөлдөйт. Кандайдыр бир продукт уурдалды деп шектелип жатса, биз анын лицензиясынын бар же жок экендигин текшерип, тийиштүү чечим кабыл алабыз. Андан соң гана иш укук коргоо органдары тарабынан текшерилип, иш сотко жөнөтүлөт”,-деди Нажимудинов.

Пикир

Оставить комментарий