• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызпатенттин колдоосу менен жаш калемгерлердин китеби жарык көрдү

Коом 0

Бишкек, 19.12.17./Кабар/. Кечээ, 18-декабрда КР Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын (Кыргызпатент) алдындагы Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду “Жети жаш автор” долбоорунун негизинде 2017-жылы чыккан китептердин бет ачарын өткөрдү.

Кыргызпатенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, иш-чаранын максаты – жаш калемгерлердин чыгармачылыгына колдоо көрсөтүү жана алардын чыгармаларын жалпы журтчулукка жайылтуу.

Бет ачар аземине маданият кызматкерлери, акын-жазуучулар, массалык маалымат каражаттарынын, Кыргызпатенттин өкүлдөрү, ИМ Мамфондунун кызматкерлери жана поэзия сүйүүчүлөрү катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун уюштурууну камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Дамира Түлөбердиева “Жетижаш автор” долбоорунун негизги максаты, чыгармачыл жаштардын эмгегин басып чыгаруу жана жамый журтка таратуу жаатындагы жүргүзүлүп жаткан иштерди баяндап берди. Кийинки сөзгө чыкканА.Осмонов атындагы адабий сыйлыктын ээси, КРнын жазуучулар союзунун мүчөсү, белгилүү акын Бердибек Жамгырчиев азыркы кыргыз адабиятынын абалы, өсүп келе жаткан жаш калемгерлердин мууну туурасында айтып берип, өзүнүн калемине таандык ырларды окуу менен биргеликте комузда кол ойнотуп, обондуу ыр аткарып берди.

Кыргызпатент тарабынан 2017-жылы төмөнкү тандалып алынган жети жаш авторлордун китептери жарык көрдү :

1. Абдимиталип уулу Келдибек “Энеме кат”;

2. Калмурат кызы Турсунай “Бийигим”;

3. Момуналиев Жоомарт “Калем сыры”;

4. Шамшидин уулу Дыйканбек “ Ырлар менин аярлаган казынам”;

5. Перизат Алмаз кызы “Руханият”;

6. Аскаров Мирлан “Иллюзия”;

7. Замирбек Орозбай уулу “Сезимден өчпөс чырагым”.

Алгачкы китеби жарык көрүп жаткан жети жаш автор Кыргызпатентке, ИМ мамфондуна ыраазычылыктарын айтышып, жалпы келген конокторго кезеги менен өзүнө таандык ырларын окуп беришти. Иш-чаранын жүрүшү кызыктуу суроо-жооптор менен коштолуп, чыныгы поэзия кечесине айланды.

Маалымдама:

Абдимиталип уулу Келдибек (26.08.1994) -Борбордук Азиядагы Америка университетинин алдындагы Жаңы муун академиясынын бүтүрүүчүсү, ОшМУнун 3-курсунун студенти, № 37 А. Арзиев атындагы мектептин орус тили, адабияты, англис тили мугалими. “Балдар ай” адабий чыгармачылык клубунун мүчөсү.

  1. Калмурат кызы Турсунай (27.07.1997) – К. Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика жана маалымат системалары факультетинин 4-курсунун студенти.
  2. Жоомарт Момуналиев (23.06.1990) –Ош мамлекеттик университетинин бүтүрүүчүсү, 2012-жылы жогорку окуу жайлар арасындагы өткөрүлгөн поэзия кечелеринин жеңүүчүсү.
  3. Шамшидин уулу Дыйканбек (10.05.1993) – Кыргыз-Түрк Манас университетинин бүтүрүүчүсү, учурда Түркиянын Анкара шаарындагы Йылдырым Бейазид университетинин магистратурасында билимин улантып жатат. Чынгыз Айтматовдун чыгармалары боюнча эл аралык конкурсунун Ардак грамотасынын ээси.
  4. Алмаз кызы Перизат (22.01.1992) – Кыргыз Улуттук университетинин бүтүрүүчүсү, учурда Кыргыз Репсубликасынын Улуттук илимдер академиясынын кенже илимий кызматкерлик кызматын аркалоодо.
  5. Мирлан Аскаров (30.09.1998) – Кыргыз-Түрк Манас университетинин 1-курсунун студенти. “Жаңы толкун” адабий клубунун мүчөсү.
  6. Орозбай уулу Замирбек (17.02.1995) – К. Скрябин атындагы Кыргыз Улуттук агрардык университетинин бүтүрүүчүсү. “Жаңы толкун” адабий клубунун мүчөсү.

Пикир

Оставить комментарий