• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте КР эл жазуучусу Төлөгөн Касымбековдун 90 жылдыгы белгиленет

Маданият 0

Бишкек, 25.10.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылы 27-октябрда А. Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында Кыргыз Республикасынын Баатыры жогорку артыкчылык даражасынын ээси, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Төлөгөн Касымбековдун 90 жылдыгы белгиленет. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Төлөгөн Касымбеков Аксы районундагы Ак-Жол кыштагында 1931-жылы 15-январда туулган. Орто мектепти бүтүп, эки жыл баштапкы мектептерде мугалим, Кичи-Ак-Жол айылдык советинин жооптуу катчысы болуп иштеген.

Касымбеков Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин 1957-жылы аяктап, Кыргызокуупедмамбастын балдар адабияты боюнча редакциясынын редактору, 1960-1973-жж. "Ала-Тоо" журналында бөлүм башчы, жооптуу катчы, башкы редактор, 1973-жылы Кыргыз ССР Министрлер Советинин басма, полиграфия жана китеп соода боюнча мамлекеттик комитетинде башкы редактор, 1974-1981-жж. Кыргызстан жазуучулар союзунда адабий консультант, 1987-жылы ВААПтын Кыргызстандагы бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.

Белгилүү жазуучу 1959-жылдан тартып СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон. 1986-жылы "Кыргыз эл жазуучусу" наамын алган.

1990-1994-жж. Кыргыз Республикасынын Эл депутаты, тил, маданият жана билим боюнча, улуттар аралык парламенттик комиссиянын жетекчиси жана эркин Кыргызстан Жазуучулар союзунун башчысы болгон.

Сыйлыктары. Адабиятка сиңирген эмгеги үчүн В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгынын урматына "Каарман эмгеги үчүн" медалы, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасы менен сыйланган. 2005-жылы Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн "Кыргыз тили" төш белгиси, "Даңк" медалы, 2001-жылы I даражадагы "Манас" ордени менен сыйланган. 2006-жылы КРдин Мамлекеттик Токтогул сыйлыгынын лауреаты болуп, 2006-жылы "Кыргыз Эл Баатыры" наамы ыйгарылып, "Ак шумкар" менен белгиленген. Ал эми 1998-жылы "Руханият" эл аралык ассоциациясынын сыйлыгы берилген.

Кыргыз эл жазуучусу Төлөгөн Касымбеков 2011-жылы 17-июнда 80 жашында дүйнөдөн кайткан.

Пикир

Оставить комментарий