• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргыз президенти Жээнбеков «Назарбаев» ордени менен сыйланды - фото

Саясат 0

Бишкек. 28.05.19 /Кабар/. Кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков «Казакстан Республикасынын тунгуч президенти — элбашы Нурсултан Назарбаев» ордени менен сыйланды.

Сыйлык Евразиялык экономикалык биримдик келишимине кол коюунун 5 жылдыгынын урматына, кыргыз-казак мамилесин тереңдетүү жана өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыйгарылган.

Жээнбеков оз учурунда Нурсултан Назарбаевдин Кыргызстан менен Казакстандын эки тараптуу мамилесин өнүктүрүүгө чоң салым кошконун баса белгиледи.

Аталган сыйлык менен Россиянын президенти Владимир Путин менен Беларусиянын президенти Александр Лукашенкого берилди.

Эске салсак, Жээнбеков Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин мааракелик жыйынына катышуу үчүн эки күндүк иш сапары менен Нур-Султан шаарына барган.

Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны чакан жана кеңири курамда өтөт, жыйындын жүрүшүндө эл аралык ишмердүүлүккө, санариптик күн тартип, жалпы электр энергетикалык рынокту түзүү жана ЕАЭБ алкагында мындан аркы интеграциялоого тийиштүү 20 документти талкуулоо жана кабыл алуу пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий