• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстан 2 сапка төмөндөдү: FIFA уюму жаңыланган рейтингин жарыялады

Спорт 0

Бишкек, 28.11.19. /Кабар/. FIFA уюмунун жаңыртылган рейтинги бүгүн, 28-ноябрда чыкканын Кыргызстандын Футбол федерациясынан кабарлашты.

FIFA рейтинги футбол боюнча Европа жана Азия биринчилигинин тандоо турунун алкагында өткөн оюндардын эсебинде өзгөргөн.

Ноябрь айында улуттук курам бир жолдоштук беттеш жана 2022-жылы өтө турган футбол боюнча дүйнө биринчилигинин тандоо турунда 2 оюн өткөргөн.

9-ноябрда Кыргызстандын футболчулары Өзбекстандын командасына 1:3 эсебинде жеңилип калган. Ал эми Дүйнө биринчилигинин тандоо турунда Японияга 0:2ге утулуп, Тажикстан менен 1:1 эсебинде тең чыгышкан.

Ноябрь айында өткөн оюндардын негизинде Кыргызстандын курамасы 24-октябрдагы чыккан рейтингге салыштырмалуу 2 орунга төмөндөп, 96-сапка жайгашты.

Азия футбол конфедерациясынын рейтингинде улуттук курам 14 сапта турат.

Пикир

Оставить комментарий