• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстан 2016-жылы эл аралык рейтингдердеги позицияларын жакшырытты- премьер

Өкмөт 0

Бишкек, 17-апрель /Салтанат Абдраева – Кабар/. Кыргызстан 2016-жылы эл аралык рейтингдердеги позицияларын жакшырытты. Бул тууралуу бүгүн парламенттик көпчүлүк коалициясынын жыйынында премьер-министр Сооронбай Жээнбеков билдирди.

Премьер белгилегендей, 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча калктын ишениминин көрсөткүчү 27,8 баллды түзүп, 2015-жылга салыштырмалуу 5,8 баллга көп болгон. Пайыздык көрсөткүчтө 63,9%ды түзөт.

“Өлкөнүн өнүгүшүнө берилген дагы бир тышкы баа Кыргызстандын эл аралык рейтингдердеги абалы болуп саналат. Тактап айтканда, коррупцияны кабылдоо көрсөткүчү – 136-орунда, бул 2015-жылга салыштырмалуу 13 позицияга төмөн. Бул өткөн жылы көрсөткүчкө өлкөнүн кошулушу менен шартталган, ал эми бул көрсөткүчтү баалоо өлкөбүздо өзгөрбөстөн, баштагыдай 28%ды түзгөн”, - деди С.Жээнбеков.

Ошондой эле, экономикалык эркиндик көрсөткүчү 89-орунду ээлеп, 7 позицияга жакшырган.

«Doing Business» көрсөткүчу боюнча Кыргызстан 2 позиция төмөндөп, 75-орунда турат. Бул төмөндөө рейтингде өлкөлөрдүн санынын жана ыкмасынын өзгөрүшү менен шартталган. Бирок, көрсөткүчтөр боюнча республикада өткөн жылга салыштырмалуу жакшыруу белгиленген.

Ошондой эле, Кыргызстан көптөгөн эл аралык рейтингдер боюнча жылыштарга жетишти. Социалдык прогресс көрсөткүчү боюнча 79-орунда, 14 позицияга жакшырган. Басма сөз эркиндиги көрсөткүчү – 85-орунду ээлеп, 3 позицияга жогорулаган. Өнүгүү көрсөткүчү - өткөн жылдагыдай эле 77-орунда калган.

“Кыгызстандын эл аралык рейтингдердеги көрсөткүчтөрүн жакшыртуу максатында электр тутумуна кошуу, салык төлөө, келишимдерди аткарууну камсыздоо жана салык төлөөгө жөндөмсүздүктү чечүү негизги багыттары боюнча аракеттердин Планы бекитилген. Жалпысынан Кыргызстандын эл аралык рейтингдерге интеграцияланган позициялары 42,2%ды түзүп, өткөн жылга караганда 0,2%га көп болгон. Ошентип, Өкмөттүн иши интегралдык көрсөткүч жаңы форматы боюнча өткөн жылы 46,9%ды түздү”,- деди С.Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий