• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстан 2017-жылдан тартып “Аалам суулуусу” сынагына катыша баштайт

Маданият 0

Бишкек, 10-апрель /Кабар/. Кыргызстанга 2017-жылдан баштап “Аалам сулуусу” сынагына катышууга уруксат берилди. Бул тууралуу Интеральянс Кей Джи компаниясы билдирди.

2012-жылдан берки узак сүйлөшүүлөрдөн кийин, кечээ “Аалам сулуусун” уюштуруучулар кыргыз тарапка алар 2017-жылдан тартып “Кыргызстан сулуусун” кабыл алууга даяр экендиктерин айтышкан.

Аалам сулуу – 2017 сынагы 2018-жылы январда Париж шаарында өткөрүлөт. Сынактын так күнү азырынча аныктала элек.

“Аалам сулуусу” сулуулар сынагы 1952-жылдан бери өткөрүлүп келе жатат жана “Дүйнө сулуусу” (1951-жылдан бери), “Интернешнл сулуусу” (1960-жылдан бери) жана “Жер сулуусу” (2001-жылдан бери) менен катар жогорку категориядагы 4 эң эле беделдүү эл аралык сулуулар сынагынын бири болуп саналат.

Интеральянс Кей Джи 2011-жылдан бери “Кыргызстан сулуусу” сынагынын жеңүүчүсүн эл аралык “Дүйнө сулуусу” сынагына жөнөтүп келе жатат. Бул жылы "Дүйнө сулуусу-2017” Кытайда өтөт, ага Кыргызстандын атынан “Кыргызстандын сулуусу-2017” сулуулар сынагынын жеңүүчүсү Бегимай Карыбекова барат.

Пикир

Оставить комментарий