• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстан 2018-жылдын 11 айында 270 млн долларга мунай продуктысын сатып алган

Экономика 0

Бишкек, 16.01.18. /Кабар/. 2018-жылдын 11 айында Кыргызстан Россия менен Казакстандан дээрлик 484 миң тонна мунай продуктысын алып келип, анын наркы 270 млн. доллар болгон.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, аталган эки мамлекет өлкө үчүн күйүүчү май жеткирген негизги өлкөлөр болушат.

Өткөн жылдын 11 айында Россиядан 411 миң тонна (37,9%) мунай продуктысы алынып келип, анын наркы 241 млн. долларды түзгөн. Ал 2017-жылдын ошол эле мезгилине салыштырмалуу 8%га аздык кылат.

Казакстандан 73 тоннага жакын (8,4%) мунай заттары ташылып, анын баасы 29 млн. доллар болгон. Ал 2017-жылдын 11 айына караганда 9%га аз.

Мунай заттын аз ташылып келгенине байланыштуу 2018-жылы күйүүчү майлардын баасы кымбаттаган. Маселен, жалпысынан баалар 10,7%га көтөрүлгөн: баарынан дизель майы кымбаттаган (18,5%), бензиндин наркы 9,5%га өскөн.

Пикир

Оставить комментарий