• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстан 2019-жылы көрүп келүүгө тийиш 5 өлкөнүн катарына кирди

Коом 0


Бишкек, 08.01.19. /Кабар/. UNILAD Adventure британиялык журналы Кыргызстанды 2019-жылы көрүп келүүгө тийиш өлкөлөрдүн катарына кошту.

Аталган басылма бул жылы көрүп келүүгө зарыл өлкөлөр тууралуу ролик тартып, ага Кыргызстандан тышкары Сингапур, Перу, Япония жана Шри-Ланка кирген.

Тасмада Борбор Азиядагы кичинекей өлкөнүн өзгөчөлүктөрү сөз кылынат: адам колу тийбеген табияты, жайыттары, асман тиреген бийик тоолору. Ошондой эле өлкөбүздөгү визасыз тартип бар экенидиги белгиленип, мекенибиздин тигил же бул аймакка кайсы мезгилде баруу керектиги айтылган.

Өткөн жылы бул басылманын тизмесине Грузия, Кытай, Португалия, Түштүк Африка жана Чили кирген.

Пикир

Оставить комментарий