• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстан 2019-жылы саякат үчүн эң мыкты 10 өлкөнүн катарына кирди

Коом 0


Бишкек, 23.10.18. /Кабар/. Кыргызстан белгилүү туристтик Lonely Planet басылмасынын версиясы боюнча 2019-жылы саякат үчүн эң мыкты 10 өлкөнүн катарына кирди.

Басылманын рейтингинде Борбор Азиянын так ортосунда жайгашкан өлкө бешинчи орунду ээлеген. Алар туристтер үчүн чыгарган роликте өлкөнүн түндүк-батыш тарабында жайгашкан “Каракол” тоо-лыжа базасы, жапайы тоо жаратылышы, жайлоо-туризмдин мүмкүнчүлүктөрү жана Ысык-Көл көрсөтүлгөн.

Кызыктуу өлкөлөрдүн тизмесинин так ортосунан орун алган Кыргызстан Белиз, Сан-Томе, Принсипи, Беларусь, Индонезия жана Иордания сыяктуу өлкөлөрдү артка калтырган. Биринчи беш оорунду Панама, Зимбабве, Германия жана Шри-Ланка ээлеген.

Эскерте кетчү нерсе, Лоунли Планет (Lonely Planet) журналы эң биринчи расмий бюджеттик туризмге арналган басылма. Ал 1972-жылы түптөлүп, бүгүнкү күндө 300 автору бар. Журналдын штаб-квартирасы Австралияда жайгашкан. Басма англис тилинде чыгарылса, 2012-жылдан баштап орус тилинде да чыгарыла баштаган.

Пикир

Оставить комментарий