• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстан 2020-жыл үчүн Россиядан 460 миң тонна бензин, 485 миң тонна дизель май алууну макулдашкан – Осмонбетов

Экономика 0

Бишкек, 15.05.20. /Кабар/. Кыргызстан 2020-жыл үчүн Россиядан 460 миң тонна бензин, 485 миң тонна дизель май алууну макулдашкан. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов билдирди.

"2019-жылы ноябрь айында Москва шаарында Россия менен Кыргызстандын ортосунда 2020-жылга карата мунай жана мунайзаттарынын индикативдик балансына кол коюлган: мунай – 50 миң тонна, бензин – 460 миң тонна, дизель майы – 485 миң тонна жана реактивдүү кыймылдаткычтар үчүн отун – 100 миң тонна. Быйыл январь-март айларында бензин 156 миң тонна, дизель 176 миң тонна, реактивдүү кыймылдаткычтар үчүн отун 20 миң тонна көлөмүндө алынып келген. Зарыл болгон учурда Россия тарап менен бирге 2020-жылдын август айына чейин индикативдик баланска өзгөртүүлөр киргизилет", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий