• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргызстан акыркы эки айда мамлекеттик карызды төлөөгө 5,4 млрд сом багыттады

Экономика 0

Бишкек, 25.03.21. /Кабар/. 2021-жылы январь-февраль айлары үчүн мамлекеттик карызды төлөөгө (тышкы + ички) Кыргызстандын республикалык бюджетинен 5 млрд 457,8 млн сом каражат багытталды.

Экономика жана финансы министрлиги билдиргендей, анын ичинен:

  • Мамлекеттик тышкы карызга – 3 млрд 049,4 млн сом;
  • Мамлекеттик ички карызга – 2 млрд 408,4 млн сом багытталды.

2021-жылы 31-январга карата мамлекеттик карыздын көлөмү (ички + тышкы) 4 млрд 954,11 млн АКШ долларын (420 108,67 млн сом) түздү.

Анын ичинен:

  • 85,2%ы мамлекеттик тышкы карыз: 4 221,61 млн АКШ доллары (357 992,44 млн сом);
  • 14,8%ы мамлекеттик ички карыз: 732,50 млн АКШ доллары (62 116,23 млн сом).

Пикир

Оставить комментарий