• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстан 2021-жылы ИДПнын өсүү темпинин оң көрсөткүчүнө жетти

Экономика 0

Бишкек, 26.02.22. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын 2021-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги натыйжасы ички дүн продукциянын өсүү темпинин оң көрсөткүчүнө жетишүү болду. Бул тууралуу КР экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Ал белгилегендей, Кыргызстандын 2021-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары өсүү темпи боюнча оң көрсөткүчтөрдү көрсөттү жана тейлөө чөйрөсүнүн жана өнөр жай тармактарынын өсүү темпин жогорулатуу менен камсыз болду.

Улуттук статистикалык комитеттин алдын ала эсептөөсү боюнча, 2021-жылга карата ИДПнын көлөмү 723,1 млрд сомду жана реалдуу өсүү темпи 103,6%ды, ал эми Кумтөр кенин иштетүү боюнча ишкананы эсепке албаганда өсүү темпи 103,9%ды (2020-жылы - 91,1%) түздү.

ИДПнын дефлятору 116% деңгээлинде болду.

Экономиканын тармактары боюнча көрсөткүчтөр төмөндөгүдөй болду: айыл чарбасында өндүрүштүн көлөмү 5,0 %га, курулушта – 4,8 %га төмөндөгөн, ал эми өнөр жайда – 7,2 %га, тейлөө чөйрөсүндө – 6,5 %га өскөн.

"Экономикада пайда болгон тенденциялардын эсебинен номиналдык ИДПнын түзүмүндө товарларды өндүрүүчү тармактардын үлүшү 41,4%ды, ал эми кызмат көрсөтүүчү тармактардын үлүшү 45,2%ды түздү", - деди министр.

2020-жылга салыштырмалуу 2021-жылы экспорттук жеткирүүлөрдүн азайышы алтынды берүүнүн 3,2 эсеге, тирүү жаныбарларды - 1,8 эсеге, жабдууларды жана механикалык түзүлүштөрдү - 20,9%га, баалуу металлдын рудаларын жана концентраттарын - 2, 2%ге төмөндөшүнө байланыштуу.

Пикир

Оставить комментарий