• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстан 2023-2024-жылдагы жылытуу мезгилине Россиядан электр энергиясын сатып алат

Экономика 0

Бишкек, 29.03.23. /Кабар/. Кыргызстан жана Россия 2023-2024-жылдагы жылытуу мезгилине 875 млн кВт/саат электр энергиясын импорттоо боюнча келишим түзөт. Бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын 24-жыйынында КРнын энергетика министринин орун басары Сабырбек Султанбеков билдирди.

Анын айтуусуна караганда, келишимге өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынынын жыйынтыгында кол коюлары күтүлүүдө.

«Келишимдин деталдары кийинчерээк айтылат», - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий