• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстан 2023-жылы КМШга төрагалык кылуунун концепциясын сунуштады

Саясат 0

Бишкек, 31.01.23. /Кабар/. Бүгүн, 31-январда Минск шаарында КМШнын аткаруу комитетинде КР тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев Кыргызстандын 2023-жылы Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине төрагалык кылуусунун концепциясын расмий түрдө сунуштады.

КР ТИМден билдиришкендей, концепциянын бет ачары КМШга мүчө мамлекеттердин Шериктештиктин уставдык жана башка органдарындагы туруктуу ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн кеңешинин 2023-жылдагы биринчи отурумунун алкагында өттү.

Министрдин орун басары Исаев Кыргызстандын төрагалыгынын артыкчылыктуу багыттарына, анын ичинде экологиялык жана климаттык маселелер боюнча КМШда, ошондой эле соода-экономикалык, отун-энергетика жана транспорт тармагындагы кызматташууга токтолду.

Мындан тышкары, ал өнөктөштөрдү көрүнүктүү жазуучу Ч.Айтматовдун 95 жылдык мааракесине карата КМШнын сайтында белгилөөгө пландалган тематикалык иш-чараларды колдоого жана активдүү катышууга чакырды.

Пикир

Оставить комментарий