• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстан 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин сунуштады

Президент 0

Бишкек, 13.10.22. /Кабар/. «АӨИЧКнын алкагында кыргыз тарап МКТнын коопсуздугу жана аларды пайдалануу жаатындагы кызматташуу боюнча лидерлердин Декларациясынын жоболорун практикалык ишке ашырууга даяр», деп белгиледи президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-октябрда, Астана шаарындагы (Казакстан Республикасы) Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге (АӨИЧК) мүчө мамлекеттердин VI саммитинде.

Өз сөзүндө мамлекет башчысы технологиялык прогресс санариптик коммуникациянын жаңы чөйрөсүн түзгөнүн, ал кызматташуу жана өз ара аракеттенүү үчүн гана эмес, маалымат чөйрөсүндөгү жаңы коркунучтардын да талаасы болуп калганын белгиледи.

Маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонуу менен жасалган мыйзамсыз аракеттердин түрлөрү кеңейип, дүйнөлүк жана трансулуттук деңгээлге чыгууда.

«Мындай шарттарда аларга каршы күрөшүү үчүн жалпы күч-аракет жана кеңири кызматташтык керек. Бул контекстте Кыргыз Республикасынын Өкмөтү коомдун социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү МКТнын олуттуу ролун белгилеп, БУУнун Туруктуу өнүктүрүү максаттарына шайкеш келген программаларды ишке ашырып жатканын баса белгилегим келет.

АӨИЧКнын алкагында кыргыз тарап МКТнын коопсуздугу жана аларды пайдалануу жаатындагы кызматташуу боюнча лидерлердин Декларациясынын жоболорун практикалык ишке ашырууга даяр.

Биз ошондой эле БУУнун Глобалдык антитеррордук стратегиясын ишке ашыруу боюнча АӨИЧКнын Иш-аракеттер планын ишке ашыруу боюнча жигердүү иштерди жүргүзүүгө умтулабыз.

Биздин өлкө терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча комплекстүү иштерди жүргүзүүнү улантууда, БУУнун Глобалдык антитеррордук стратегиясынын жоболорун, БУУнун Коопсуздук Кеңешинин резолюцияларын, БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Терроризмге каршы комитетинин Аткаруучу дирекциясынын сунуштарын аткарууда. Кыргызстанда террористтик кыймылдарга эл аралык байкоо жүргүзүү үчүн жүргүнчүлөрдү алдын ала маалымдоо жана жүргүнчүлөрдү каттоо маалыматтары системасы ишке ашырылган», — деп белгиледи Садыр Жапаров.

Президент Кыргыз Республикасы чакырыктарды жана коркунучтарды комплекстүү чагылдырган, максаттарды жана милдеттерди калыптандыруучу, мамлекеттик органдардын, ошондой эле өлкөнүн ичиндеги бул көрүнүштөргө каршы туруу үчүн жалпы коомчулуктун биргелешкен аракеттеринин так алгоритмин камтыган экстремизмге жана терроризмге каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик программа иштеп чыгып, бекиткенин кошумчалады.

«Бүткүл дүйнөдө тынчтыкты, глобалдык коопсуздукту, туруктуу өнүгүүнү жана социалдык прогрессти камсыз кылуу үчүн БУУнун жалпы ишине өз салымыбызды кошууга умтулабыз.

Ушуга байланыштуу, БУУнун жана бүткүл дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн чакан мамлекеттердин көйгөйлөрүнө буруу максатында Кыргызстан 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин сунуштады. Биз талапкерлигибиздин колдоо табарына ишеним артабыз.

Мындан тышкары, биз терроризм жана экстремизм менен гана эмес, ошондой эле баңги заттарды жана курал-жарактарды мыйзамсыз жүгүртүү, адамдарды сатуу, арам акчаны адалдоо жана кибермейкиндикте мыйзамсыз иш-аракеттерди жүргүзгөн трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча эл аралык күч-аракеттерди активдештирүүгө чакырабыз. Кыргызстан Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында Бишкекте Эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү борборун түзүү маселесинин үстүндө иштеп жатат», — деп жыйынтыктады президент Садыр Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий