• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстан 2027-2028-жылдары БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө өз талапкерлигин көрсөттү

Коом 0

Бишкек,26.09.18. /Кабар/. Кыргызстан 2027-2028-жылдары БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө өз талапкерлигин көрсөттү. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылдын 25-сентябрынын экинчи жарымында АКШнын Нью-Йорк шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында сөз сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан өз талапкерлигин БУУнун жана дүйнө коомчулугунун чакан мамлекеттердин проблемаларына көңүл буруу максатында көрсөттү.

“БУУнун Коопсуздук Кеңешине мурда шайланбаган өлкөлөрдүн колдоосу мүчөлөрдүн тең укуктуулугуна ишенимди арттырып, Уюмдун кадыр-баркын арттырат жана ага ишенимди бекемдейт”, -деп билдирди Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий