• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстан 2040-жылдан тартып латын тамгасына өтүүсү керек – депутат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 13-апрель /Салтанат Абдраева-Кабар/. Кыргызстан 2040-жылдан тартып латын тамгасына өтүүсү керек. Бул тууралуу парламенттин бүгүнкү жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев билдирди.

Анын айтымында, кечээ Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев 2018-жылдан тартып Казакстан латын тамгасына өтөрү тууралуу билдирди. “Биз дагы эртеби-кечпи латын тамгасына өтүшүбүз керек. Бизде азыр каражат жок, бирок адистерди даярдай башташыбыз керек. Албетте, кириллицадан баш тарта албайбыз, ал биздин интеллетуалдык байлыгыбыз. Бирок, 2040-жылдан тартып Кыргызстан латын тамгасына өтүүсү зарыл. Биз дүйнөлүк агымга каршы турбайбыз да”,-деди К.Иманалиев.

Ошондой эле, депутат Өкмөт азыртадан ушул багытта иш жүргүзүүнү баштоосу керек деп белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий