• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстан 4 пансионатты ӨРге убактылуу пайдаланууга берди

Өкмөт 0

Бишкек, 13.12.17 /Кабар/. Кыргызстан Ысык-Көлдөгү төрт пансионат жайгашкан жер тилкелерин Өзбекстанга убактылуу пайдаланууга берүү тууралуу чечим кабыл алды.

КР өкмөтүнүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү билдиргендей, бул чечим 1994-жылы 24-декабрда Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда түбөлүк достук жөнүндө Келишимине ылайык кабыл алынган.

Бул документ туризмди өнүктүрүү жана түз инвестицияларды тартууга багытталган. Белгилей кетсек,бул чечимге ылайык, КРнын Ысык-Көл облусунда жайгашкан төмөнкү пансионаттардын имараттарын жана курулуштарын Өзбекстан Республикасынын менчигине өткөрүү тартиби түзүлөт.

- пансионат «Бостери» (Бостери айылы, мурда «Золотые пески»);
- пансионат «Алтын-Жай» (Кара-Ой айылы, мурда «Рохат-НБУ»);
- пансионат «Энесай» (Кара-Ой айылы, мурда «Дилором»);
- пансионат «Бустон» (Тон районунун Күн-Чыгыш айыл аймагы).

Тиешелүү буйрукка КР премьер-министри Сапар Исаков кол койду. Мында көрсөтүлгөн объекттерге бекитилген жер тилкелери КРнын менчигинде калат жана убактылуу пайдаланууга берилет. Муну менен бирге өзбек тарап белгилүү бир убакытта белгиленген объекттерди КРда колдонулган стандарттарга ылайык, мүмкүн болсо жыл бою иштей турган 3 же 4 жылдыздуу отелдердин деңгээлине жеткирүүгө инвестиция салуу милдетин өзүнө алат.

Макулдашуулардын алкагында өзбек тарап Эл аралык арбитраджык соттогу доо арызын чакыртып алат. Ошентип, бардык талаштуу маселелер тынчтык жолу менен жөнгө салынат.

Пикир

Оставить комментарий