• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстан 5 ай ичинде Өзбекстандан 161 млн долларга жашылча-жемиш сатып алган

Экономика 0

Бишкек, 21.06.19. /Кабар/. Кыргызстан ушул жылдын 5 ай аралыгында Өзбекстандан 161 млн. долларга жашылча-жемиш сатып алган. Бул тууралуу Өзбекстандын Мамлекеттик статистика комитети билдирет.

Өзбекстандын Статистика комитетинин маалыматына ылайык, Кыргызстан беш айдын жыйынтыгы менен жашылча-жемиш сатып алган өлкөлөрдүн арасында алдыңкы орунга чыккан.

Январь-май айы арасында Кыргызстан 34,6 миң тонна жашылча-жемиш сатып алган. Ал эми өткөн жылдын беш айында Кыргызстанга 22,4 млн. долларга 20,7 миң тонна жашылча-жемиш алынган.

Ал эми кошуна Казакстанга 107 млн. долларга экспорт жасалган (экинчи орунда турат). Өткөн жылдын беш айында Казакстан Өзбекстандан сатып алган жашыл-жемиштерге 144,7 млн. доллар сарптаган.

Беш айдын жыйынтыгы боюнча Россия Өзбекстандан жашыл-жемиш сатып алгандардын арасында үчүнчү орунда турат (48,9 млн. доллар).

Пикир

Оставить комментарий