• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстан 5 жылда 34 миң гектар жайытын жоготкон

Коом 0

Бишкек, 23.11.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Кыргызстанда жайыттарга болгон күч экологиялык нормадан 1,5-2 эсе ашык, түштүктө 3-4 эсе. Бул тууралуу “Жашыл экономика: теориядан тажрыйбага. Бизнестин жаңы мүмкүнчүлүктөрү” форумунда экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев билдирди.

Анын айтымында, жерлердин бузулуусу жайытка малды туура эмес чыгаруудан болуп жатат. “Беш жылда 34 миң гектар жайытты жоготтук. Бүгүнкү күнү 25% жайыттар орто же күчтүү деградация абалында турат”, -деди ал.

Иманалиев Кыргызстанда жашыл экономика принциптери өткөн жылдан бери киргизилгенин айтты. Азырынча өлкөдө бул принцип жетиштүү деңгээлде жайыла элек. “Жашыл экономика өнүгүүнү бекемдейт. Айыл чарба сыяктуу тармактар жаратылыш ресурстарынан көз каранды. Бизде ири энергетика жааты дагы бар. 97% энергетиканы биз гидроэлектр станцияларынан алабыз. Бул жаратылыш капиталынан болгон чоң көз карандылык. Мындан тышкары, туризм тармагы бар. Ошондой эле ири тоо кен иштетүү тармагы бар”, - деп кошумчалады ал.

Экономика министринин орун басары Кыргызстан суу ресурсун негизинен мөңгүлөрдөн аларын билдирди. Бирок глобалдык жылуулуктан улам алардын ээрип кетүү коркунучу бар.

Ошондой эле Иманалиев 2030-жылы КРнын калкынын өсүшү 7,5 млн адамга жетет. Бул жаратылыш ресурстарын пайдаланууга таасирин тийгизет.

Пикир

Оставить комментарий