• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстан 6 айда 110 млн долларга айыл чарба продукциясын экспорттоду

Экономика 0

Бишкек, 07.08.20 /Кабар/. Кыргызстан 2020-жылдын 6 айында 110 млн долларга айыл чарба продукциясын экспорттоду. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйынында айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев билдирди.

Анын айтымында, бул былтыркы көрсөткүчтөрдөн төмөн эмес. “Продукциянын 52 пайызы ЕАЭБ өлкөлөрүнө, Казакстан жана Россияга экспорттолду. Ошондой эле биздин продукцияларды араб өлкөлөрүнө экспорттоо жогорулады. Сирияга жана Бириккен Араб Эмираттарына 11,5 млн долларга айыл чарба продукциялары жөнөтүлдү”, - деди министр.

Пикир

Оставить комментарий