• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстан 755 мугалимге муктаж — Билим берүү министрлиги

Коом 0

Бишкек, 15.09.21. /Кабар/. 2021-жылдын сентябрына карата республикада мугалимдерге болгон муктаждык 2 миң 150 адисти түзгөн. Бирок 15-сентябрда жаш адистердин келиши менен муктаждык азайып, учурда 755 мугалим гана жетишпей турат.

Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, калган бош орундарга контракт менен окуп бүткөндөрдүн келиши күтүлүүдө.

Райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн педагогикалык кадрларга карата муктаждык боюнча берген өтүнмөсүнүн негизинде ай сайын бош орундар боюнча маалымат чогултулат. Ар бир мектептин муктаждыктары жана алардын негизги окуу планына ылайыктуулугу, мектептердин штаттык жүгүртмөсү, райондун борборунан алыстыгы, жумуш жүгү, окутуу тили, жөлөкпулдар, жаш адистер үчүн бериле турган жеңилдиктер жана турак жай менен камсыз кылуусу эске алынат.

Министрдин буйругу менен бөлүштүрүү графиги жана комиссиянын курамы бекитилет, андан кийин мамлекеттик бөлүштүрүү жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий