• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстан 8 эң алдыңкы заманбап мобилдик клиникалуу болот - Талантбек Батыралиев

Ден соолук 0

Кыргызстан 8 эң алдыңкы заманбап мобилдик клиникалуу болот - Талантбек Батыралиев

Бишкек, 2-март /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Кыргызстан 8 эң алдыңкы заманбап мобилдик клиникалуу болот. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев билдирди.

Анын айтымында, жакында ал “Нормека” голландиялык компаниясынын башкы директору Жан Карисен жана Ислам өнүктүрүү банкынын менеджери Ахмед Ал-Кааби менен жолугушкан. “2015-жылы биз Ислам өнүктүрүү банкы менен 5 мобилдик клиниканы алууга гранттык каражаттарды бөлүү тууралуу келишимди ратификациялаганбыз. “Нормека” компаниясы тендерди утуп алгандыктан, эми бизге 5 эмес 8 клиника беришет. Жалпы баасы 16 млн доллар, план боюнча Кыргызстанга мобилдик клиникалар үстүбүздөгү жылдын 31-августуна чейин жеткирилет”, - деди ал.

Талантбек Батыралиев мобилдик клиникалар негизинен сапаттуу медицина жеткиликтүү болбогон аймактарга багытталарын билдирди. “Биз тоолуу өлкө болгондуктан, айылдар бири-биринен алыс жайгашкан, инфратүзүм өнүккөн эмес, алыскы райондордо сапаттуу медицина жеткиликсиз. Мындай мобилдик клиникалар өлкө боюнча жүрөт, алардын ичинде бардык зарыл болгон заманбап жабдуулар бар”, - деп кошумчалады саламаттыкты сактоо министри.

Пикир

Оставить комментарий