• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстан «абадагы бешинчи эркиндик» укугун берүү иштерин баштады

Коом 0

Бишкек, 23.01.19 /Кабар/. Өкмөт Кыргыз Республикасынан/Кыргыз Республикасына эл аралык учууларды жүргүзүүнү каалаган бардык өлкөлөргө «абадагы бешинчи эркиндик» укугун берүү иштерин баштады.

2019-жылдын 11-январында президент Сооронбай Жээнбеков «Аба кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол койду.

Көрсөтүлгөн документке өзгөртүүлөр жарандык авиацияны өнүктүрүү, жүргүнчүлүк жана жүк авиатранспорттук агымды көбөйтүү жана бир тараптуу «абадагы бешинчи эркиндик укугу» аркылуу Кыргыз Республикасынын жарандары жана чет элдик туристтер үчүн эл аралык авиациялык каттамдардын жана авиабилеттердин жеткиликтүүлүгүн арттыруу максатында киргизилген.

Кыргыз тарап авиа ташуулар рыногун бир тараптуу тартипте либералдаштыруу жолу менен Кыргыз Республикасынан/Кыргыз Республикасына эл аралык учууларды аткарууну каалаган бардык өлкөлөргө «абадагы бешинчи эркиндик» укугун берүүгө ниеттенүүдө.

Бул жаңы авиа каттамдардын ачылышын жана жүргүнчүлөрдү ташуу агымын акырындап көбөйтүүнү шарттап, кыргыз экономикасына, ошондой эле атамекендик туризм тармагын өнүктүрүүгө оң таасир берет. Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын жарандары чет мамлекеттерге түз учуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушмакчы.

Муну менен катар континенттер аралык транзиттик ташуулар Кыргыз Республикасынын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууга жол ачат, бул башка өлкөлөр менен авиа каттамдарды жөнгө салууну өбөлгөлөйт, натыйжада туристтик агымдын көбөйүшүнө кыйла таасир берет.

Бүгүнкү күнү Кыргыз Республикасы өз тажрыйбасында биринчиден төртүнчү «абадагы эркиндикке» чейин карманат, аларда аба мейкиндиги үстүндө учуу мүмкүндүгү, аба кемесинин техникалык конуусу, ага май куюу, Макулдашкан мамлекеттер ортосунда учууларды ишке ашыруу камтылган.

Түрк аба линияларынын каттамдарынын Стамбулдан Бишкек аркылуу Улан-Баторго учуусу «абадагы бешинчи эркиндик» укугун ишке ашыруу мисалы катары боло алат.

Коюлган максаттарга жетүү жана «абадагы бешинчи эркиндик» укугун киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан азыртан бир катар чаралардын топтому өткөрүлүп жатат.

Ошентип, мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигине өз чечимдерин «Кыргыз Республикасынын Аба кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү тапшырылган.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөр аркылуу атамекендик авиация тармагына чет элдик инвесторлорду тартуу жана учуулардын аймагын кеңейтүү иштерин баштоо милдеттендирилди.

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине туроператорлор жана туристтик агенттиктер арасында абадагы бешинчи эркиндикти киргизүү иштери жана туризм үчүн ачылган келечектер боюнча маалымдоо/түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.

Маалымдама: Абадагы бешинчи эркиндик – чет элдик аба кемелерине экинчи мамлекет аркылуу үчүнчүсүнө коммерциялык учууларды (Бишкек-Улан-Батор-Бишкек каттамынын абадагы бешинчи эркиндик укугу бар) аткаруу мүмкүндүгүн берет. Абадагы бешинчи эркиндик укугун берүү башка мамлекеттер менен түз аба каттамдарын жөнгө салууга шарт түзөт, себеби бир катар себептерден улам Кыргыз Республикасынын мындай мүмкүндүгү болгон эмес.

Пикир

Оставить комментарий