• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстан айрым товарлардын түрлөрүн ташып чыгууга чектөө киргизди - тизме

Өкмөт 0

Бишкек, 23.03.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынан айрым товарлардын түрлөрүн ташып чыгууга убактылуу чектөө киргизилди. Тиешелүү токтомго премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Ошентип, тиркелген тизмеге ылайык алты ай товарлардын айрым түрлөрүн Кыргыз Республикасынан экспорттоого убактылуу тыюу салуу белгиленет.

Кыргыз Республикасынан үчүнчү өлкөлөргө сатууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салынган айрым товарлардын тизмеси:

Товарлардын аталышы

1

Буудай жана меслин

2

Буудай уну

3

Өсүмдүк майы

4

Күрүч

5

Макарондун түрлөрү

6

Шекер

7

Тоок жумурткасы

8

Тамак-аш үчүн йоддолгон туз

9

Тоют (чөп, саман, комбикорм, улпак жана дан тоюту)

10

Салфеткалар жана башка бактерияга каршы каражаттар

11

Дезинфекциялоочу каражаттар

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы мыйзамсыз экспортту жоюуга багытталган зарыл чараларды көрүүдө.

Токтом кол коюлган күнүнөн тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий