• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстан айылдарды суу менен камсыздоо системаларын жакшыртуу үчүн Сауд өнүктүрүү фондунан насыя алат

Экономика 0

Бишкек, 08.05.19. /Кабар/. Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук комитети Сауд өнүктүрүү фонду менен болгон Насыя макулдашуусун жактырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган комитет "Айыл жерлеринде санитария жана суу менен камсыздоо системаларын жакшыртуу" долбооруна байланыштуу КРнын өкмөтү менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы Насыя макулдашуусунун долбоорун карап чыккан.

Депутаттар алдында Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев сүйлөгөн.

Аталган фонд 112,5 млн. сауд риал (30 млн. доллар) өлчөмүндөгү насыя каражаттарын 25 жылга берет. Ал жылына 1 пайыздык чен жана 5 жылдык жеңилдетилген мөөнөт менен берилет. Бул каражаттар жалпы наркы 60 млн. доллар болгон "Баткен жана Талас облустарында санитария жана суу менен камсыздоо системаларын жакшыртуу" долбоорунун бир бөлүгүн каржылоого жумшалат. Ал долбоорго каралган каражаттын 20 млн. долларын насыя иретинде Ислам өнүктүрүү банкы берсе жана КРнын өкмөтү 10 млн. доллар бөлөт.

Жыйынтыгында Данияр Төлөновдун сунушу менен Комитет Насыя макулдашуусунун долбоорун жактырган.

Пикир

Оставить комментарий