• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстан-АКШ келишимин талкуулоо үчүн Бишкекке америкалык топ келет

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек. 15.03.19 /Кабар/. Кыргызстан менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосунда кызматташтык тууралуу жаңы келишимдин долбоорун талкуулоо үчүн Бишкекке америкалык эксперттер келет. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Кыргызстандын АКШдагы элчиси Болот Отунбаев билдирди.

"Тараптар азыр жаңы баракча ачылып жатат деп үмүттөнүүдө. Келишимдин долбоорун биздин министрлик-мекемелер карап чыгып, өкмөткө беришти. Алардын эксперттери жакында келе тургандай болуп жатышат. Андан соң АКШ менен Кыргызстандын өкмөттөрүнүн эксперттик тобу келишимдин долбоорун карашат", - деди Отунбаев.

Кыргызстан менен АКШ өкмөттөрүнүн кызматташуусу тууралуу келишимге 1993-жылы 19-майда Вашингтондо кол коюлган.

Бул документти кыргыз өкмөтү 2015-жылдын 21-июлунда бир тараптуу денонсациялаган.

Жаңы келишим даярдалып жатканын 14-мартта элчилер менен жыйында мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков да айткан.

Пикир

Оставить комментарий