• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстан АКШнын Юта штатында өткөн БУУ конференциясында Тоолорду туруктуу өнүктүрүүнү колдоп чыкты

Коом 0

АКШнын Юта штатынын Солт Лейк Сити шаарында 26-августтан тартып 28-августка чейин жарандык коом маселелери боюнча БУУнун 68-конференциясы өттү.

БУУнун бул форумунун башкы темасы “Туруктуу жана инклюзивдүү шаарлар жана калктуу конуштар” жана бул маселеге тиешелүү туруктуу өнүктүрүү жагында максаттардын (ТӨМ)11 аткарылышы болду. Форумдун төрагасы Марукса Кардама белгилегендей: “Жарандык коомдун маселелери боюнча БУУнун 68-конференциясы 1945-жылы Сан-Францискодогу конференция өткөрүлгөн мезгилден бери Бириккен Улуттар Уюмунун штаб-квартирасында уюштурулбаган БУУнун биринчи конференциясы болуп калат. Ошондуктан делегаттардын көбү мындай рангдагы конференцияга биринчи жолу катышууга мүмкүнчүлүк алышты, бул Бириккен Улуттар Уюмун адамдарга мындан да жакын болууга мүмкүнчүлүк берет.

Курманбек Дыйканбаев мырза жарандык коом маселелери боюнча БУУнун 68-конференциясында сүйлөгөн учуру.

Конференциянын ишине Кыргыз Республикасынын атынан Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү Курманбек Дыйканбаев мырза катышты. Ал конференциянын катышуучуларына КР Президенти Сооронбай Жээнбеков мырзанын атынан куттуктоо катты окуп берди, анда мындай деп айтылган: “Адамдар шаарларда да, бийик тоолуу райондордо да жашаган Кыргыз Республикасы үчүн каралып жаткан проблематика чоң мааниге ээ. Ушуга байланыштуу климаттын өзгөрүшү, миграция сыяктуу азыркы чакырыктардын алдында кыйла чабал тоолуу жамааттар конференциянын корутунду документине киргизилип жана 2030-жылга чейинки мезгилде туруктуу өнүктүрүү жагында БУУнун Күн тартибинин көңүл борборунда болушу керек”.

Курманбек Дыйканбаев мырза БУУнун Башкы катчысынын глобалдуу коммуникациялар боюнча орун басары Алисон Смейл айым менен.

Курманбек Дыйканбаев мырза конференциянын ишине конференциянын уюштуруучуларынын бири – Юта штатынын Өрөөн университетинин глобалдуу тартылуу боюча вице-президенти, доктор Балдомеро Лагонун жеке чакыруусу боюнча катышты.

КР Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү туруктуу тоо өнүктүрүү (ТТӨ) маселелер боюнча жыйналыштын жүрүшүндө конференциянын катышуучуларынын көңүлүн 2002-жылы БУУнун калкасы астында Тоо Жылын майрамдоо сыяктуу БУУнун Туруктуу тоо өнүктүрүү күн тартибин илгерилетүүдө Кыргызстандын күч-аракетине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Шарипович Жээнбековдун 2018-жылды жана ушул жылды өлкөнүн региондорун өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө демилгесине бурду.

Ал ошондой эле Кыргызстан менен Юта штатынын ортосундагы, анын ичинде ушул жааттагы Юта штатынын Өрөөн университети менен 2006-жылдан бери өнөктөштүктү белгилеп кетти, анын алкагында Туруктуу тоо өнүктүрүүнүн ар кандай аспекттери КР жана ЮШУ делегациялары тарабынан 2016-2019-жылдары БУУнун Экономикалык жана социалдык кеңешинин форумдарында каралган.

Курманбек Дыйканбаев конференциянын тең уюштуруучусу, Солт Лейк Сити шаарынын мэри Джаки Бискапски менен жолугушуу учурунда.

Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү конференция учурунда БУУнун линиясы боюнча ТТӨ маселелерин илгерилетүү боюнча мындан аркы кызматташуу маселелери, тактап айтканда, аларды БУУнун расмий өкүлдөрү, анын ичинде БУУнун Башкы катчысынын глобалдуу коммуникациялар боюнча орун басары Алисон Смейл айым, конференциянын тең уюштуруучулары – Солт Лейк Сити шаарынын мэри Джаки Бискапски, доктор Балдомеро Лаго, ошондой эле Юта штатынын Өрөөн университетинин профессор-окутуучу курамы жана студенттер, БУУда жана Эл аралык аренада бул жааттагы кызматташуу боюнча Кыргызстандын эзелки өнөктөштөрү менен конференциянын корутунду документине киргизүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Курманбек Дыйканбаев конференциянын тең уюштуруучусу, ЮШӨУнун глобалдуу тартылуу боюнча вице-президенти, доктор Балдомеро Лаго менен.

Кыргызстандын, Юта штатынын өкүлдөрүнүн жана Ютанын Эл аралык тоо Форумунун мүчө-студенттеринин, ЮШУнун студенттер клубунун коалициясынын биргелешкен күч-аракеттеринин натыйжасында жарандык коом маселелери боюнча БУУнун 68-конференциясынын жыйынтыктоочу документи өз преамбуласында мындай деп белгиледи: “Биз шаарларда жана айылдарда гүлдөп-өнүгүүдө бири-бирибизден өз ара көз каранды экендигибизди, ошондой эле тоолуу региондордо, өнүгүп келе жаткан чакан аралча өлкөлөрдө өнүгүү үчүн атайын шарттарды түзүү зарылчылыгын тааныйбыз”. Жыйынтыгында туруктуу өнүктүрүү максаттарын жайылтуу боюнча БУУнун негизги конференцияларынын биринде тоо маселелерине биринчи жолу олуттуу көңүл бурулду.

Курманбек Дыйканбаев БУУнун конференциясында сүйлөгөндөн кийин БУУнун, жарандык коомдун өкүлдөрү, Юта штатынын Өрөөн университетинин профессор-окутуучу курамы жана студенттер менен.

Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү Курманбек Дыйканбаев мырза конференция учурунда ошондой эле кыргыздардын маданиятын жана каада-салтын пропагандалап жана өлкөдөгү реформалардын жүрүшү жөнүндө форумдун катышуучуларына маалымат берди.

Курманбек Дыйканбаев мырза британ-америкалык ырчы Алекс Бойеге кыргыз калпагынын өзгөчөлүгүн айтып берүүдө.

Курманбек Дыйканбаев мырза конференциянын учурунда “Навахо” уруусунун индееци менен.

Эрмек Абдрисаев,

“Кабар” МАБ

Пикир

Оставить комментарий