• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстан аскерлерди даярдоодо Кытай менен кызматташат

Коом 0

Бишкек, 04.03.19 /Кабар/. Кыргызстан менен Кытай коргонуу, коопсуздук маселелери боюнча жана аскерлерди даярдоо багытында кызматташат. Бул тууралуу Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабы кабарлады.

Маалыматка ылайык, штабдын башчысы Райимберди Дүйшөнбиев 25-февралдан 1-мартка чейин Кытайга жумуш сапары менен барган.

Сапардын алкагында Дүйшөнбиев Кытайдын коргоо министри Вэй Фэнхэ, Синьцзянь аскер округунун командири Лю Ванлун жана Кытайдын 301-аскерий госпиталынын жетекчилиги менен жолуккан.

Тараптар 2019-жылы апрель айына пландаштырылган Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин жыйынын уюштуруу жана өткөрүү маселелерин талкуулашкан.

Анан сырткары коргонуу, коопсуздук, аскер-техникалык эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулап, акмактагы терроризм, экстремизм жана сепаратизмге каршы биргеликте күрөшүү боюнча маселелерди карашты.

Пикир

Оставить комментарий