• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстан Астанада көк бөрү боюнча дүйнө чемпионатына катышат

Спорт 0

Бишкек, 25-июль /Айжамал Душйоева – Кабар/. Кыргызстан улуттук курамасы көк бөрү боюнча дүйнө чемпионатына катышат. Биринчилик Астананын “Казанат” ипподромунда 20-28-августта өтөт.

Турнир “ЭКСПО-2017” эл аралык көргөзмөсүнүн алкагында, өлкөлөр ортосунда достук мамилелерди бекемдөө максатында өткөрүлөт.

Дүйнөлүк турнирге даярдануу үчүн кыргыз жамааты 5-22-июлда машыгууларды өткөрдү. Анын экинчи баскычы 26-июлдан 4-августка чейин Чолпон-Атада өтөт.

Эскерте кетсек, 2013-жылы Азиянын көк бөрү боюнча чемпионатында Кыргызстан Казакстанга 4:2 эсебинде уттурган.

Анда Кыргызстандын көк бөрү Федерациясынын аткаруучу директору Нурбек Асынбаев Казакстандагы Азия чемпионаты көптөгөн бузуулар менен өткөнүн билдирген. Оюнда, Кыргызстан менен Казакстан командаларынын беттешинде дагы казак судьялар калыстык кылган. Эл аралык стандарттарга ылайык, судья катышуучу тараптардан болбошу керек.

Пикир

Оставить комментарий